Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесине ылайык Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин дагы бир кол койгон тескемесине ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Немат уулу Жайнак Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.