Каникул болбойт. Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин иштемей болду

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңеште 28-октябрдан 28-ноябрга чейин шайлоочулар менен иштөө үчүн каникулга чыгуу боюнча өз ара пикир келишпестиктер жаралды.

Айрым депутаттар 1 айга каникул болушу керек, буга мыйзам жол бербесе да, моралдык жактан туура эмес болуп каларын айтып, жетинчи чакырылышка ат салышып жаткан депутаттар парламенттин трибунасын жеке пиар үчүн колдонбошу үчүн каникул жарыялоо сунушун колдошкон. Бирок айрым талапкерлер бул демилгеге каршы чыгышты.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов бул маселени кайра добушка койду. Катталган 106 депутаттын 34ү «макул» болсо, 49у «каршы» добуш берип, каникул жарыялоо добуш берүүдөн өткөн жок. Демек, депуттар 28-ноябрга чейин иштешет. Бир катар депутаттар парламеннтик шайлоого катышуу ниетин билдиришкен.