Каныбек Адиев Түп районунун акими кызматынан бошотулду

Кечээ, 23-августта президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Адиев Каныбек Маматбекович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин Түп районунун акими Каныбек Адиевдин кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалымдалган эле.