Каныбек Иманалиев билим берүү министри кызматынан бошотулду

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулган.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Анын милдетин убактылуу Уланбек Усеков аткарат.