Каныбек Осмоналиев: «Азыркы бийлик баарын тез оңдоп жиберет дегенден алысмын»

Учурдагы кымбатчылык биздин ички ресурсту колдоно албаганыбыздын кесепети болуп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жылда өлкөдө өндүрүштүн темпи абдан төмөндөп кеткен.

«Акыркы 5 жылда биз өндүрүштүн темпин абдан төмөндөтүп жибердик. Анын объективдүү, субъективдүү себептери болду. Өндүрүштү өнүктүрүүнүн иштиктүү багытын таба алган жокпуз. Атамбаевдин акыркы жылдарында, Жээнбековдун тушунда, бүгүнкү күндө. Ошонун негизинде айрыкча күндө керектелүүчү товарлардын, ал турсун күйүүчү майдын кескин кымбаттап кетиши орун алды. Мен эми азыркы бийлик баарын тез оңдоп жиберет дегенден алысмын. Бирок аракеттер болуп атат. Керек болсо, эмдигиче кампасын ачпаган өндүрүүчүлөр бар экен. Алар продукциясын кымбатыраак сатууну каалап жатканын түшүнүп турам. Биз ички ресурсту колдоно албай жатканыбыздан да болуп жатат. Өзүбүздөн чыккан картошканы да сырттан ташып келип жатабыз» — деди Осмоналиев. 

Берүүнү түз эфирде төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар.