Каныбек Осмоналиев: «Мага президент «мамлекеттик катчы институтун киргизели» деп тапшырма берген, ошондон улам ишенип алыпмын»

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев анын айланасындагы мамлекеттик катчы кызматы боюнча жүрүп жаткан сөздөр боюнча «Азаттыкка» төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Конституциялык кеңешме иштеп жатканда президент мага тапшырма берип, мамлекеттик катчы институтун киргизели деген. Мен конституциялык кеңешменин мүчөсү катары киргизип, өткөргөнбүз. Ошондон улам ишенип алыпмын, ушул орунду берсе керек деп. Сүйрөп жүрүп анан ушундай болуп калды. Улуттук идеологияны түптөө үчүн көп аракет кылдым эле, ошол позициям президенттин тегерегиндеги айрымдарга жакпай калса керек”, — деди ал.

2-июлда мамлекеттик катчы болуп Чолпонбек Абыкеев дайындалган. Андан көп узабай эле Каныбек Осмоналиев Фейсбуктагы баракчасына таарынычын жазып чыкты.

Каныбек Осмоналиев 2020-жылдын март айында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинен кийин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ал акцияны уюштуруп, анын катышуучуларын массалык башаламандыкка түрткөн, милициянын талабына баш ийбеген, таш ыргыткан, ошондой эле Ак Үйдүн аймагына кирип, бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген. Былтыр июнь айында ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.