Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

2021-жылдын февраль айында Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалган. Ошол эле жылдын июль айында соцтармактагы баракчасына «Шагымды жаман сындырды да! Өмүрүмдө мындай ыза болбодум эле! Акылы тайкы экен!» деп жазганы чоң талкууну жараткан. Буга байланыштуу өзү «Мага президент «мамлекеттик катчы институтун киргизели» деп тапшырма берген, ошондон улам ишенип алыпмын» деп комментарий берген болчу. Бул окуядан көп өтпөй, Каныбек Осмоналиев өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.