Каныбек Осмоналиев министрдин кеңешчиси болду

Каныбек Осмоналиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Министр Кайрат Иманалиев 10-февралда 1980-жылдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана Европанын эки жолку чемпиону К.Осмоналиев менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө өлкөдө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү, жаш муундун социалдык жоопкерчилигин калыптандыруу маселелери талкууланды.