Каныбек Осмоналиев өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды

Каныбек Осмоналиев өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, арызды Жеңиш Асанкулов (ред. президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары) жаздырып алган. Мындан тышкары, Осмоналиев президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовго болгон нааразычылыгын да жазган.

Каныбек Осмоналиев аталган кызматка ушул жылдын февраль айында дайындалган. Буга чейин ал соцтармактагы баракчасына «Шагымды жаман сындырды да! Өмүрүмдө мындай ыза болбодум эле! Акылы тайкы экен!» деп жазган эле. Буга удаа «Мага президент «мамлекеттик катчы институтун киргизели» деп тапшырма берген, ошондон улам ишенип алыпмын» деп билдирген болчу.