Каныбек Осмоналиев: «Орусияга билет баасынын кымбаттап жатышы өкмөт чече алчу маселелерден»

«Орусияга учак билетинин баасынын кымбаттап жатышы өкмөт чече алчу маселелерден. Бирок тилекке каршы, биздин Монополияга каршы күрөшүү системабыз өздөрү кырдаалдын жетегинде калганы мына бүгүн көрүнүп жатат». Бул туурасында өкмөт башчынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

«Авиакаттамдарды көз карандысыз деңгээлге лизинг жолу менен деле жасап алсак болмок. Убагында жасаган эмеспиз. Ошонун кесепети ушуга алып келип жатат. Учурда авиакомпаниянын баары жеке менчик болуп жатпайбы. Ошого туруштук бере турган, керек болсо, монополисттик мүнөздө кармай турган саясат болушу керек эле да. Биз миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз бар экенин билебиз. Бирок эми аракеттер болуп атат. Кечээ Москва-Тамчы каттамынын ачылышы болду. Мындан ары да ушундай кадамдар болмокчу. Өкмөт тарабынан чечкиндүү кадамдар көрүлүп атат. Бирок дагы эле келип, ресурсту башкарууну колдон чыгарып ийгенибизге келип такалып атат. Бул багытта президенттин, премьер-министрдин саясий эрки керек«, — деди Осмоналиев.