Каныбек Осмоналиев: «Өзүнүн оппоненттерин камоо-коркутуу менен иш алып барууга каршымын»

«Мен өзүнүн оппонеттерин камоо-коркутуу жолу менен иш алып барууга каршымын». Мындай оюн өкмөт башчынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

«Мен ырайымсыз мамлекеттик машинаны колдонуп, өзүнүн оппонеттерин камоо-коркутуу жол менен иш алып барууга каршымын. Бул менин өзүмдүн конструкцияма, көз карашыма туура келбейт. Бирок акыркы 10-15 жылда биз эмнени жоготтук? Биз бири-бирибизди сыйлоону жоготтук, бири-бирибиздин сөзүбүздү угуп, ынанып, цивилдүү жол менен талкуу кылууну кабыл албай келдик. Баарыбыз эле меники туура дейбиз. Мен да убагында митинг уюштуруп жүргөн киши катары азыркы окуяларга сын көз караш менен карап атам.

Бирок кандайдыр бир чек болот. Биз, анын ичинде мен, бир да жолу аракеттеги президентке карата «кууш керек, атып салыш керек, бир эле ок жетет» ж.б. ушуга окшогон сөздөрдү айткан жокмун. Айтууга биздин жүрөгүбүз дагы, аң-сезимибиз дагы жол бербейт. Мен элдин баарын каралоодон алысмын. Бирок көпчүлүк жаштарыбыз, алардын ичинде мени менен тең аксакалдарыбыз дагы бар, сөзүбүздү ылгабай калдык. Мунун кесепети кылымды карытып келген кыргыздын каада-салты, үрп-адатынан алыстап кетүүгө алып келип атат.

Эгерде сен мыйзамды бузган аракеттерди жасасаң, анда ага жооп бер. Себептерин түшүндүр. Баары мыйзам ченемдүү болсо, анда сен сөзсүз утасың. Эгерде эмоцияга берилип, же кандайдыр бир күчтөрдүн куралы болуп жашай турган болсоң, анда ал сенин эң чоң трагедияң болот, айланайын, деп айтат элем жаштарга. Садыр Нургожоевич баштаган саясий жетекчилер азыр мүмкүн болушунча, реформанын артынан реформа жасаганга даяр болуп келип жатышпайбы. Негизги реформа 11-апрелден башталат. Жаңы парламент келгенде бул күчөйт. Ошондо көп нерселер өз нугуна түшөт деп ойлойм«- деди Каныбек Осмоналиев.