Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда

Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору аркылуу Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.