Кара-Көл шаардык кеңеши iPhone 12 Pro Max сатып алганы жатат. Шаардык кеңештин төрагасы эмне дейт?

Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарына шаардык бюджеттен iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефон сатып алынат. Шаардык кеңештин төрагасы Эмил Ашыралиев кымбат баадагы бул телефон кандай максатта сатып алынарын түшүндүрдү.

«Шаардык кеңештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын жыйынын түз эфирде чагылдырып, ар бир депутаттын ишин көрсөтүп, ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында 2021-жылдагы шаардык бюджеттен iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефонду жана анын аксессуарларын сатып алуу боюнча сунуш түшкөн. Бул сунуш шаардык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, колдоого алынган. Уюлдук телефон менен чогуу телефон кармагыч, видеожазууларды сактагыч, микрофон, аккумулятор сатып алууга бюджеттен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын желегин жана гербин сатып алууга 40 миң сом бөлүнгөн. Герб менен желек мэриянын имаратынын кичи залына орнотулат.

Уюлдук телефон депутаттардын жеке кызыкчылыгына эмес, коомчулукка ачык-айкындуулукту көрсөтүп, туура маалымат жеткирип туруу максатында алынып жатат. Аны шаардык кеңештин аппаратында иштеп жаткан кызматкерлер сессияларды, эл менен жолугушууларды, көчмө жыйындарды чагылдырууда колдонушат. Аны бир дагы депутат өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга укугу жок», — деди Эмил Ашыралиев.