Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындалды

Бүгүн, 29-июнь күнү Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Талайбек Конкобаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Кара-Көл шаарынын мэри Алмазбек Балташов ээлеген кызматынан бошотулган.