Боршайком Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо 7 партия катталса, жетөө тең 7%дык босого чектен өттү. Партиялар төмөнкүдөй добуш алышты:
- «Замандаш» — 21,26% (7 мандат);
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 15,88% (5 мандат);
- «Энергетиктер» — 14,96% (5 мандат);
- «Бирге-Вместе» — 13,11% (4 мандат);
- «Ыйман Нуру» — 12,61% (4мандат);
- «Мекен Ынтымагы» — 10%; (3 мандат);
- «Ынтымак» — 9,02% (3 мандат).
Ошондой эле Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Кара-Көл шаарынын мэри, депутаттыкка талапкер И. Еркеевге башка талапкер тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн 12 миң 500 сом айып салынды.
Маалымат үчүн айта кетсек, Кара-Көл шаарында 15 669 шайлоочу болсо, алардын 40,83% (6 397 жаран) шайлоого катышкан.