«Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду». Садыр Жапаров Акылбек Жапаров тууралуу

«Кумтөрдүн» ишин ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Садыр Жапаров «Кумтөрдүн» ишин караган депутаттык комиссиянын төрагалыгына Акылбек Жапаровдун шайланышы тууралуу айтылган сындарга жооп берди.

“Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады. Урматтуу кыргызстандыктар!
Кытай реформатору Дэн Сяопин: «Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду»,- деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот»,- деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 17-февралда “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишин текшерүү үчүн комиссия түзгөн. Комиссиянын курамына 12 депутат кирген. Алар: Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев, Айнуру Алтыбаева, Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, Замирбек Эсенаманов, Урмат Самаев, Осмон Турдуманбетов, Акылбек Жапаров жана Каныбек Иманалиев. Кийинчерээк, депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Акылбек Жапаровдун шайланганы маалымдалган эле.