«Кара-Суунун тургундарын шайлоого байланыштуу зекип жатышат» деген маалымат боюнча милиция далил тапкан жок

Бүгүн, 5-январда “Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары журналисттерге президенттикке талапкерлердин агитациялык кампаниясына жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу айтып беришти. Алардын маалыматы боюнча, бардык талапкерге бирдей шарт түзүлгөн эмес. Административдик ресурс, үгүтчүлөргө жана байкоочуларга кысым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү сыяктуу даттануулар болуп жатканын билдиришти. Алардын айтымында, жалпы жонунан 53 мыйзам бузуу аныкталып, анын 31и административдик ресурсту колдонууга туура келген. Арыздардын эң көбү Садыр Жапаровдун дарегине түшүп жатат дешти.

“17 талапкердин ичинен агитациялык кампанияда 4 талапкер, тагыраагы Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бабыржан Тольбаев жана Курсан Асанов активдүү болуп жатат”, — деп айтышты “Жалпы иш” коомдук фондунун өкүлдөрү.

Аталган фонддун байкоочулары буга чейин Кара-Суу районунда орун алган окуя тууралуу да токтолуп өтүштү. Кечээ, 4-январда БШКнын координациялык тобуна «Киров айылынын тургундарын шайлоого байланыштуу зекип жатышат» деген маалымат келип түшкөн. Анда спорттук дене түзүлүштөгү эркек кишилер айылга келип, эгерде президенттикке талапкер Садыр Жапаров жетиштүү добуш ала албай калса, анда ур-токмокко алынышарын айтып коркутушканы жазылган эле. “Жалпы иш” коомдук фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, бул маалымат боюнча милиция кызматкерлери далил тапкан эмес.