«Кара-Суунун тургундарын шайлоого байланыштуу зекип жатышат» деген маалыматты БШК териштирет

БШКнын координациялык тобуна «Жалпы иш» деген коомдук фонддон «Кара-Суунун тургундарын шайлоого байаныштуу зекип жатышат» деген маалымат келип түшкөн. Анда аталган райондун Киров айылынын жашоочуларына спорттук дене түзүлүштөгү эркек кишилер келип, эгерде президенттикке талапкер Садыр Жапаров жетиштүү добуш ала албай калса, анда ур-токмокко алынышарын айтып коркутушканы жазылган.

Координациялык топтун мүчөлөрү даттанууну карап чыгып, келип түшкөн маалыматты текшерүү үчүн материалдарды ИИМ менен Башкы прокуратурага жөнөтүштү.