Каракол эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалы 2023-жылдын аягында бүткөрүлөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды, ал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилмекчи.

Мамлекет башчыга маалымдалгандай, учурда «Каракол» эл аралык аэропортунун аэродромунда 2000×35 метр өлчөмүндөгү бир жасалма учуу тилкеси жана конуу тилкесин перрон менен байланыштырган тилке жолдор бар. Жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен «Каракол» аэродромунун элементтерин реконструкциялоо, ошондой эле «Каракол» эл аралык аэропортунун терминалдык комплекстин жаңы имаратын куруу каралган. Жаңы терминалдын курулушу Каракол аэропортуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошентип, эл аралык каттамдар менен жүргүнчүлөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Заманбап жүргүнчү инфраструктурасы жана аэропорттун ыңгайлуу жайгашуусу жалпы аймактын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышына мүмкүнчүлүк түзөт, кошумча туристтик агымдарды тартууга жардам берет. Президент Садыр Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын курулушу боюнча маалыматты угуп, аэродромдорду/аэропортторду куруу жаатындагы иштерди бардык эрежелерге жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык, өз убагында так жүргүзүүнү тапшырды.