Каракол шаарын комплекстүү өнүктүрүүгө казынадан 2 миллиард сом бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Каракол шаарын өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты. Акылбек Жапаровго жалпы суммасы 885 миллион сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.

Каракол шаарын өнүктүрүүнүн 3 багыттан турган программасында бюджетке киреше алып келүүчү долбоорлорго — муниципалдык базар, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү бир топ пландар киргизилген. Мындан сырткары шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.

Аймактарды комплекстүү өнүктүрүүдө Каракол шаары пилоттук долбоор катары тандалып алынып, иш-чарада мерчемделген жумуштарды максатка ылайыктуу ишке ашырууга бюджеттен 2 миллиард сом каражат каралган. Акылбек Жапаров финансы министрлигине жеринде долбоорлорду ишке ашырууга 850 миллион сом бөлүп берүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы 13-14-май күндөрү Ысык-Көл облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Облустун аймагындагы жол, социалдык объектилердин курулуштары менен таанышып, Чолпон-Ата шаарында өтүүчү эл аралык ири туристтик көргөзмөгө катышат.