Финансы министри Алмаз Бакетаев канча айлык аларын айтты

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өттү. Анда депутат Улукбек Садиков кийинки жылы бюджеттин тартыштыгы канча сом болорун сурады. Каржы министри Алмаз Бакетаев 9 миллиард сом болорун билдирди.

Жыйында «Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жаткан. «Эмне үчүн тартыштык (ред. дефицит) коюп жатасыңар? Кыргызда макал бар, «Жуурканыңа карап, бутуңду сун» деген. Киреше менен эле жок дегенде нөл менен чыкканга мүмкүнчүлүк жокпу? Канча жылдан бери келе жаткан өнөкөттү жок кылса болбойбу?» — деп сурады депутат.

Министр өзүнүн айлыгын мисал келтирип, жооп берди. «Мен 40 миң сом айлык алам. Ошол менен жашаса болот. Бул дефицит дагы эмес, профицит дагы эмес. Бирок карыз алсаң, бул дефицит болуп калат. Мамлекет карыз алат, жолго, энергетикага. Биз өзүбүздү өзүбүз бага алабыз. Бирок сырттан карыз алып, чоң долбоорлорго жумшасак, анда дефицит болот. 5-10 жыл мурун насыя алганбыз. Ошолор дефицит болуп эсептелет», — деди Бакетаев. Ал өлкө 2024-жылы профицит менен чыгарын кошумчалады.