Финансы министри насыя алуудан коркуунун кереги жок дейт

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоодо.

Депутат Тазабек Икрамов Кыргызстан тышкы жана ички карызын качан жаба алат деп сурады. Анын айтымында, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин башчылыгына талапкер болуп турганда бюджетти 285 миллиард сомго, 2022-жылы 400 миллиард сомго көтөрүүнү убада кылган. Бирок 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы карызы 5 миллиард 147,22 миллион долларды түздү.

«Акылбек Жапаров карызды көбөйтпөйм, азайтам деген. Бүгүнкү күндө өлкөнүн тышкы карызы өсүп жатат. 2021-жылга мен айткан цифра, 2023-жылга кандай карыз менен киребиз, аны бир Кудай билет. Бизде аз болсо да мамлекеттик карыздын санын азайтабыз деген үмүт бар болчу», — дейт Икрамов.

Финансы министри Алмаз Бакетаев мамлекеттик карыз 5 миллиард 200 миллион доллардын тегерегинде экенин тастыктады. Быйыл Кыргызстан 583 миллион доллар насыя алган. Анын айтымында, келишимге кол коюу учурунда алынган акча карыз эмес, аны иштеп чыгуу учурунда карыз деп эсептеле баштайт.

«Жыл башынан бери мамлекеттик карыз көбөйгөн жок. Бизде 1990-жылдардын башынан бери бул милдеттенмелер бар. Биз аларга график боюнча төлөйбүз. Салыктык түшүүлөр 203 миллиард сомду түзөт. Мамлекеттик карыздын өсүшү инвестициялык долбоорлорго байланыштуу. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карызды өзүбүздүн каражатыбыздан төлөй алабыз. Экономикага байланыштуу ири долбоорлорго инвестиция салуу үчүн карыз алабыз. Бул карыздан коркпогула, алардын баары экономиканы өнүктүрүүгө кетет. Эгерде мульти эффективдүү реалдуу долбоорлор болсо, насыялар алынышы керек”, — дейт Бакетаев.