«Кармайбыз, кустурабыз деген ушулбу?». Матраимовдун өкүмү боюнча соцтармактарда эмне кеп?

Кечээ, 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыгып, ага жаза катары 260 миң сом айып пул салынган. Бирок коомчулуктун социалдык тармактарда отурган бөлүгү мындай өкүмдү катуу сын-пикирге алышты.

Ошондой эле социалдык тармактарда Матраимов менен учурдагы бийликтин жакындыгын чагылдырган шылдың сүрөттөр да көбөйдү.