«Каршы» менен «добуш бербей койду» дегендин айырмасы эмнеде? Масалиевдин жообу

Кечээ, 23-июнда соцтармактарга казино боюнча мыйзам долбоорго эл өкүлдөрү кандай добуш бергени көрсөтүлгөн видео жарыяланды. Анда көрүнгөндөй, «каршы» добушту 9 депутат берген. Ал эми добуш бербей койгондор Айгүл Айдарова, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Эмил Токтошев жана Алишер Эрбаев болду. Мындан улам коомчулук бул депутаттардын эмне үчүн добуш бербей койгонуна кызыгып, «каршы добуш беришсе, эмне болмок?» деген суроолорду беришүүдө.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Исхак Масалиев менен байланышып, коомчулукту кызыктырган суроого жооп алдык. Анын айтымында, фракциянын добуш бербей койгону бул каршылык акциясы. «Мыйзам боюнча «каршы» жана «макул» деген добуш берген депутаттардын санын кошкондо, жалпы добуш берген депутаттардын саны чыгышы керек болчу. Бул мыйзамдуу болот. Эгер мыйзам боюнча «каршы» жана «макул» деген добуш берген депутаттардын санын кошкондо, жалпы добуш берген депутаттардын саны чыкпай калса, анда кайрадан добуш берүү болуп, мыйзам өтпөшү керек болчу. Биздин добуш бербегенибиз мына ушунда, демек, биз каршы акция көрсөткөнгө аракет кылдык, бирок өткөрүп ийишти», — деди эл өкүлү.