Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу Бишкек шаарынын тургундарына кайрылды.
«Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге? “Тулпар” же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. Накталай эмес төлөм аркылуу – “Тулпар” картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сом бойдон калат. Азыр накталай төлөм – 20 сом. Ал эми карта мненен төлөм — 17 сом.