Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын төрагалык кызматынан отставкага кетти

Карыбек Дүйшеев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын отставкага кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, өлкө башчысы Дүйшеевдин өз арызы боюнча ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызына ылайык, аны мандатынан ажыратуу өтүнүчү менен депутаттарга кайрылган. Мындан тышкары, мамлекет башчы Жогорку Кеңештен Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакированын отставкага кетүүсүнө макулдук берүүнү суранган. Бул маселелер комитеттин отурумунун кароосуна коюлду.