Аида Касымалиева: «Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бийлик бутактарында баланс такыр сакталбайт экен»

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жатышат.

Анда вице-спикер Аида Касымалиева бул жаңы Баш мыйзамда президентке импичмент жарыялоо такыр мүмкүн эмес экенин айтты.

“Мамлекет башчыны кызматтан алууга, биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы (45 добуш) макул болушу керек. Экинчиден, Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун корутундусу керек. Биздин реалдуулукту алганда мындай такыр эле мүмкүн эмес. Себеби башкы прокурор менен Конституциялык соттун төрагасын президент дайындайт. Демек, мында бийлик бутактарынын балансы сакталбайт», — деп билдирди Касымалиева.

Ал эми Касымалиеванын мындай пикирин Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев төмөндөгүдөй төгүндөдү: «Эгер президент мыйзам бузса, соттордун жана парламенттин ишине кийлигишсе, кызматтан алынат. Андан соң Башкы прокуратура күнөө коюп, Конституциялык сот мыйзамдуулугун карап бере турган жобо бар».