«Катуу чараларды көрүңүз». Артисттер Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөтүштү

Соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тарады.

Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган. 

«Аларды колдогон 5-6 бала курал-жарак чогултуп аткан имиш. Сегиз ай мурда эл сизге тагдырын ишенип, добуш берди. Бийликти тынч алмаштыра алдыңыз. 2010-жылдагыдай атышуу башталса эмне болот эле? Канча жарынбыз окко учат эле, аны бир Кудай билет», — деп жазылат.

Ал эми кайрылуунун аягында «Булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Мындайларга катуу чара көрүңүз. Болбосо мамлекетибизди жоготуп алабыз» деп жазылган. Мамлекет башчысына кайрылууга маданияттын мыкты кызматкери Сонунбү Кадырова, эстрада ырчысы Венера Пирматова кол коюп, акын Меңди Мамазаирова, Эл артисти Шайгүл Алсеитова, илимпоз Үмүт Култаева жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абаз Чикеев телефон аркылуу макулдугун беришкен. 

Бул боюнча Меңди Мамазаирова Фейсбуктагы баракчасына кол коюп бербегенин, катты көрбөгөнүн жазып чыкты. «Бүгүн бир каттын айынан коомчулукта ызы-чуу болуп атканын билбептирмин. Кечке съемкада жүрүп, кечинде көрдүм. Сонунбү Кадырова эк-үч күн мурда мага чалып «Эже, Туйгуналы Абдыраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык кол коюп бересизби?» деди. Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан, макул дегем, бирок кол коюп берген эмесмин. Катты көргөн да эмесмин. Ал эми каттагы белгиленген инсандар мен сыйлаган инсандар. Алар тууралуу мен жаман пикир айтышым мүмкүн эмес. Жылдыз Жолдошова, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Курсан Асановдор тууралуу мен тескери пикир билдиришим да мүмкүн эмес. Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес», — деп жазды ал.

Ошондой эле, кайрылууда аты аталган Ахматбек Келдибеков Фейсбуктагы баракчасында авторлорду сотко берүү ниетин билдирген. Саясатчы президентке жолдонгон кат шайлоо алдындагы саясий оюн деп эсептейт.