Каза болгон прокурорго 21 миллион сомдук кенемте. Садыр Жапаров маселени изилдеп чыгууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди», — деп жазды ал.

15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзамга ылайык иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрүн айткан. Ал эми Башкы прокуратура буга тактоо киргизип, мындай компенсация төлөп берүү учуру акыркы 20 жыл ичинде 1 жолу катталганын билдирген.