“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.
Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...











