Казакбаев Козак менен жолугушуу өткөрүп, Украинадагы кырдаалды сүйлөштү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 5-мартта Орусияга барган расмий сапарынын алкагында Орусиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүдө эки тараптуу күн тартиптин актуалдуу маселелери талкууланып, Казакбаев Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча бардык жаңжалдар саясий-дипломатиялык каражаттар менен чечилиши керектигин айтты.