Казакстан 4 күндөн кийин Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачат

Казакстан 4 күндөн кийин Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан менен чек ара бекеттерин ачат. Тагыраагы 11-апрелден тарта өз жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн буга чейин киргизилген чектөөлөр алынат. Мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Жарандардан коронавирус инфекциясына байланыштуу ПЦР-тести жана коронавируска каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документи/паспорту талап кылуу сактала берет.

Кечээ, 6-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө да жогорудагы маселе козголгон болчу. Садыр Жапаров Казакстандын чек арасын Кыргыз жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына кароону өтүнгөн. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына бул маселени негиздүү түрдө кароону тапшыра турганын билдирген эле.