Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Казакстандын аймагы аркылуу транзит үчүн акча төлөөгө аргасыз. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал министрлер кабинетине көйгөйдү чечүүнү тапшырды.
«Транспорттук компаниялар мага кайрылышты, Казакстан аркылуу өткөн транзиттик транспорттун кыйынчылыктары уланууда. Ар бир унаа үчүн алар бажы кызматкерлерине жана коңшу мамлекеттин башка кызматтарына 4-5 миң доллардан төлөөгө мажбур. Маселени чечишибиз керек. ЕАЭБдин алкагында кандай иштер аткарылып жатат?» — деди ал.










