Казакстанда Алматы — Чолпон-Ата жолунун курулушу талкууланды

Казакстанда Алматы — Чолпон-Ата жолун куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка карганда, кечээ, 26-октябрда Кыргызстандын коңшу өлкөдөгү элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов менен жолугушкан. Анда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, атап айтканда, Алматы — Чолпон-Ата унаа жолун куруу, эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамды калыбына келтирүү жана Орусиядан Кыргызстанга темир жол байланышын талкуулашкан. Кытайдан Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу жүктөрдү транзиттик өткөрүү маселелерине көңүл бурулган.