Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Казакстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Бишкектин «Манас-2» эл аралык аэропортунан Казакстандын президентин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле өлкөнүн бир катар расмий өкүлдөрү тосуп алышты», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Министрлер кабинети маалымат таратып, расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүп жатканын билдиришти.
«Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына өлкө лидерлери видеоконференция аркылуу да катышат», — деп айтылат маалыматта.











