Казакстанга кыргыз аскерлери жөнөтүлөбү? Президенттин маалымат катчысы үн катты

«Эгерде Жогорку Кеңеш жактырса, анда кыргыз аскер кызматкерлери ЖККУнун уставына ылайык Казакстанга бир гана тынчтык орнотуучулук миссия үчүн жөнөтүлөт». Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тынчтык орнотуучулары стратегиялык маанидеги объекттерди коргоону камсыздоого катышат. «Кыргыз аскерлери Казакстандагы акция катышуучуларына байланыштуу эч кандай аракеттерге аралашпайт», — деди маалымат катчы.