Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү боюнча чечим кабыл алышты. Анда 69 депутат чечимди колдогон, ал эми 7 депутат чечимге каршы болгон добуш берди.
Каршы деп добуш берген депутаттар:
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу);
— Динара Ашимова («Ыйман нуру»);
— Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
— Сеидбек Атамбаев (бир мандаттуу);
— Султанбай Айжигитов («Ыйман нуру»);
— Эрулан Кокулов («Ынтымак»).
Добуш берүү журналисттер жок учурда өтүп, ал эми парламенттин аппараты добуш берүүнүн жыйынтыгын берүүдөн баш тартып жатат.
Кечээ, 6-январда Дастан Бекешев, Исхак Масалиев, Камила Талиева, Орозайым Нарматова, Элмурза Сатыбалдиев, Эмил Токтошев соцтармактагы баракчалары аркылуу кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршылыгын билдиришкен болчу.