Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө кайсы депутаттар каршы болушту? Тизме

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү боюнча чечим кабыл алышты. Анда 69 депутат чечимди колдогон, ал эми 7 депутат чечимге каршы болгон добуш берди.

Каршы деп добуш берген депутаттар:
Дастан Бекешев (бир мандаттуу);
Динара Ашимова («Ыйман нуру»);
Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
Сеидбек Атамбаев (бир мандаттуу);
Султанбай Айжигитов («Ыйман нуру»);
Эрулан Кокулов («Ынтымак»).

Добуш берүү журналисттер жок учурда өтүп, ал эми парламенттин аппараты добуш берүүнүн жыйынтыгын берүүдөн баш тартып жатат.

Кечээ, 6-январда Дастан БекешевИсхак МасалиевКамила ТалиеваОрозайым НарматоваЭлмурза СатыбалдиевЭмил Токтошев соцтармактагы баракчалары аркылуу кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршылыгын билдиришкен болчу.