Казино боюнча мыйзам долбоору добуш берүүдө өтпөй, парламентте танапис жарыяланды

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоор 2-3-окууда каралып, депутаттарга добуш берүүгө киргизилди.

Жыйынга катышкан депутаттардын 58и макул, калганы каршы болушту. Мамытов бул мыйзам долбоорду кайра добушка койду. Экинчи добуш берүүдө 59у макул, 8и каршы добуш берди. Төрага Талант Мамытов танапис жарыялап, ал фракция лидерлерин кеңешүүгө чакырды.