«Казинону өткөрүп бергиле деп», «Дагы ким айтты?», «Мен жеңилдим». Мадумаров менен Мамытов кайым айтышты

«Талант Мамытов жеке сиз эки-үч жолу фракциянын жетекчилерин чакырып алып, иш бөлмөңүздө жыйын өткөрүптүрсүз. Сизге суроо берилиптир. «Эмне үчүн «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ыйман нуру» жок?» деп. Сиз «алар баары бир колдобойт да» дептирсиз», — деди парламент жыйынында депутат Адахан Мадумаров. 

«Колдойбузбу же колдобойбузбу ал биздин жумуш. Ар бир фракцияны бөлүп-бөлүп… Сиз тегиз карашка сөз бергенсиз. Бул жакшылыкка алып келбейт. Мадумаров колдойбу же жокпу, фракциянын жетекчиси катары чакырууга милдеттүүсүз. Мен ушул жакта отурсам, башкалар кетип бара жатат «казинону өткөрүп бергиле деп жатат» деп. Бул уят маселе. Саясий көз караш ар кандай болушу мүмкүн, бирок адамдык касиет жогору туруш керек», — деди Мадумаров.

«Ушул сөздү сизге ким айтты? Атын так, даана айтыңыз. Ким айтты муну сизге?» — деди Мамытов. 

Адахан Мадумаров фракция жетекчилери 2 жолу жыйналганын айтты. Буга Талант Мамытов жыйналганын, бирок ар бири өз маселелеси менен жыйналганын айтты.

«Менин атымды айтып жатасыз. Так айтыңыз, сизге ким айтты? Сиз уктуңузбу?» — деди төрага.

«Жанар Акаев экөөбүз сүйлөшүп турсак, бул кишини чакырды да кетти. Сиз жүрбөйсүзбү дейт. Кайда барарымды сурасам, төрага чакырып жатыптыр», — деди Мадумаров. 

Трибунага Жанар Акаев чыгып, жашыра турган эч нерсе жок экенин айтты. «Жардамчылардан мага бирөө келди. «Фракция жетекчилерин жыйынга чакырып жатат» деди. Мен барып келдим. Фракция лидери дегенден Мадумаровго «жыйын бар экен го» дедим. «Мени чакырган жок» деди. Казино боюнча сөз болгон жок», — деди Акаев. 

«Дагы ким айтты?» — деди Мамытов. 

«Мен жеңилдим. Ушул кезге чейин бир кишини сатып көргөн эмесмин. Силердики туура. Мен кол көтөрүп, жеңилдим», — деди Мадумаров.