Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан кетти

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалгандан 11 күн өткөн соң кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирген. Айтымында, анын ордуна эл аралык деңгээлде тажрыйбасы бар жаш генерал келет.

Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен дайындалган эле. Ал күнү саналуу сааттардан кийин Жээнбеков президенттик кызматтан отставкага кеткен.