Зулушев менен Жээнчороевдин кайым айтышуусунан кийин Ташиев депутатка байланышканы маалым болду

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен депутат Мирлан Жээнчороевдин кайым айтышуусунан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлүнө телефон чалган. Маалыматты журналисттерге эл өкүлү өзү тастыктады.

«Камчыбек Кыдыршаевич менен сүйлөшүп, такташып алдык. Айтылып жаткан кептер жөн гана ушак экени ырасталды», — деген ал.

Кечээ, 21-сентябрда комитет жыйынында Курманкул Зулушев менен Мирлан Жээнчороевдин ортосунда кайым айтышуу башталган. Анын жүрүшүндө депутат «Курманкул Токторалиевич айтып коёюн, сиздин жанагы «ээ, Камчыке, (ред. УКМКнын төрагасы) мобу Мирланга «бир нерсе» таап берчи, тилим укпай жатыр» дегенди. Андай кылбаңыз, бул күн да өтөт» деген. Ал эми башкы прокурор анын айтканына мындай команда болбогонун, болсо, илинчек таап коюш оңой экенин билдирген.