«Кечиримдүү бололу». Депутат Алимжанов кесиптеши Жаныбек Абировдун окуясы боюнча пост жазды

«Мен бул постту досум, кесиптешим жана санаалашым Жаныбек Болотбековичке арнагым келет. Болгон окуя боюнча аны актабайм, бирок жигиттин апасы жана жакындарынын алдында, бардык кыргыз элинин алдында кечирим сурайм. Кечиримдүү бололу». Мындай постту депутат Фархад Алимжанов жазды.

«Биз жаш жана келечектүү саясатчынын бир катасынан улам сынып калышына жол бербешибиз керек. Абировдун жетишкендиктери көп жана биз аны билебиз», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Депутат Жаныбек Абиров өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек.