«Кээде үйгө барбай калабыз». Ташиев УКМКнын башчылыгынан чарчабаганын айтты

«Мен УКМКнын төрагалыгынан физикалык жактан чарчаган жокмун. Бирок акыркы убакта ден соолугум чарчап жатты». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ден соолуктун начарлашына дагы жумуш себепкер болушу мүмкүн. Себеби, күнү-түнү иш, нерв менен отурасың. Бир күндө 10 кылмыш катталган болсо, ошонун баарын карап чыгыш керек. Тапшырма берип, көзөмөлдөп отурасың. Кээде үйгө барбайбыз. Иш бөлмөдө жата турган жер бар. Ошол жакта калып калам. Жумуш оор, бирок аны айтып наалыбайбыз, анткени бул биздин тандап алган жолубуз. Ар ким өз жолун тандап алат. Аягына чейин кызмат кылабыз деп ойлойм. Жыйынтыгын чыгарышыбыз керек», — деди ал.