«Келдибековго да берсе болмок». Ташиев дагы кимдерге сыйлык берилсе болмоктугун эсептеп өттү

«Келдибековго да берсе болмок». Ташиев дагы кимдерге сыйлык берилсе болмоктугун жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде эсептеп өттү.

«2010-жылы Ошто борбордук стадиондо 15-20 миң адам мага, Садыр Жапаровго, Ахматбек Келдибековго «Баатыр» деген наамды беришкен. Кийин ошол эле жылы Жалал-Абадда 10-15 миң адамдын катышуусунда наам беришкен. Бул сыйлыкты эл эбак эле берип койгон», — деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасынын айтымында, Июнь окуясында Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдыз Жолдошова жаңжалды токтотууга аракет кылган. «Бул наамды аларга да берсе болмок», — деди ал.

1-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Наамдарды тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн сыйлык берилгенин айтып берген.