Камчыбек Ташиев Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берип, шайлоо жүрүп жатканын, эч кандай коопсуздук маселеси жок экенин белгиледи.
“Шайлоочуларга, талапкерлерге бардык шарттар түзүлгөн. Мен тынчтык, туруктуулук, келечек үчүн добуш дедим! Бул депутаттарыбыз келечектеги 5 жылда мамлекетибизде саясий өңүттөгү маселелерди чечип берет деп үмүт менен добуш бердим”, — деди УКМК төрагасы.
Андан сырткары Камчыбек Ташиев бүгүнкү шайлоо КМШ өлкөлөрүнүн арасында аналогу жок шайлоо өнөктүгүндө жүрүп жатканын кошумчалады.
“Бул деген шайлоочу каалаган тилкеге барып добуш бере алат. Мурдагыдай кошумча тизмеге жазылуу жок. Баары электрондук тартипте өтүп жатат. Бул шайлоо таза, дыкат ишенимдүү болот. Мен ойлойм, коомчулук да буга ынанат”, — деди УКМК башчысы.









