Келерки окуу жылы мектеп формасы милдеттүү түрдө кийилет

«Коомчулукта мектеп формасына байланыштуу маселелер талкууланып жатат, окуу процессинде тараптардын ортосунда айрым пикир келишпестиктер бар», — деп билдирди депутат Айбек Маткеримов бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.

«Мектеп формасы боюнча министрликтин токтому барбы?» — деп депутат сурады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2016-жылы мектеп формасы деген түшүнүк киргизилгендигин, ата-энелер менен мектеп өздөрүнө эң жакшы вариантты тандап аларын айтты. «Пандемия учурунда Билим берүү министрлиги мектеп формасын талап кылбоо боюнча жеңилдик берген. Келерки окуу жылынан тарта мектеп формасы милдеттүү түрдө кийилет. Эгерде форманын баасы ата-энелер үчүн кымбат болсо, анда форманын универсалдуу версиясы бар — үстү ак, асты кара. Бул классикалык форма», — деди ал.