Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Бектемиров Келсинбек Базаркулович дайындалды. Бул тууралуу аталган шаардык мэриясынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жетекчини президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев эмгек жамаатка жана шаар жетекчилерине тааныштырган.
Келсинбек Бектемиров 1980-жылы Ош облусунун Жаңы-Жол районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 2002-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. Эмгек жолунда 2008-2014-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тармактык бөлүмдөрүндө эмгектенген. 2013-2014-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, жеке компаниялардын аткаруучу директору, 2012-2020-жылдары Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Буга чейин Таш-Көмүр шаарын Нурлан Доулбеков жетектеп келген. Анын ушул жылдын июнь айында кызматтык мөөнөтү аяктаган.