Кемпир-Абад маселеси. Документтер эртең Жогорку Кеңештин комитетинде каралат

Буга чейин Өзбекстан менен чек арадагы талаштуу аймактар ​​боюнча келишим, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү парламенттин кароосуна коюлары, жакынкы күндөрү документтердин пакети ратификацияга берилери айтылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Нуржигит Кадырбеков комитетке документ түшкөнүн, эртең караларын билдирди.