«Кемпир-Абад себеп болду». Медер Алиев Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин төрагалыгынан кетти

Медер Алиев Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, буга Кемпир-Абад маселеси себеп болгон. «Ар бир нерсенин өзүнүн себеби, учуру болот. Адам баласы ооруп, дарыгерге барса да себеп издейт. Шайлоочунун алдына эмнеге мындай кадамга барганын түшүндүрүп айтыш керек. Бул чечимди өзүм кабыл алдым, эч ким мажбурлаган жок. Өткөндө Кемпир-Абаддагы маселе себеп болду. Колумду таза кармап, коррупцияга аралашпай, таза 1 жыл иш алып бардым деп эсептейм», — деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул чечим күтүүүсүз болгонун айтты.